“Ата-Бейит” комплексинде Баткен облусунда өлкө чек арасын коргоодо курман болгон аскер кызматкерлери үчүн митинг-реквием өтүп, танктын ичинде тирүүлөй өрттөлгөн экипаждын үч мүчөсүнүн сөөгү жерге берилди.
Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев соцтармактагы баракчасына курман болгон аскер кызматчыларынын элесин түбөлүккө калтыруу максатында эстелик орнотулаарын белгиледи.
"Президент белгилегендей, "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Баткен облусунун аймагында мамлекеттик чек араны коргоодо аскердик милдетин өтөө учурунда курман болгон аскер кызматчыларынын элесин түбөлүккө калтыруу максатында эстелик орнотулат", - деди ал.