Кыргызстан менен Тажикстандын атайын кызмат башчылары кол койгон протокол бүгүнкү күндө Кыргызстанга пайдалуу. Мындай пикирин саясат талдоочу Бакыт Бакетаев билдирди.
"Бүгүнкү реалдуулукта мындан мыкты эч нерсе болбойт. Жаман тынчтык жакшы талаштан артык. Мен үчүн тынчтыкка жетелечү ар кандай кадам баалуу. Бул протокол Баткен тургундарына тынчтык алып келет, ушул нерсени баарыбыз эсибизге түйүшүбүз керек. Согуш аракеттерин жылуу үйдө, диванда отуруп алып талкуулоо оңой, бирок миңдеген адамдар көчөдө калышты. Ошондуктан, бүгүнкү реалдуулукта эки өлкө кол койгон протокол - абдан жакшы чечим болду", - деди Бакетаев.