Печать
Категория: Коом
Просмотров: 69

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге Ижевск шаарындагы мектептеги ок атуудан адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Россия Федерациясынын Удмурт Республикасынын Ижевск шаарындагы №88 мектепте ок атуудан адамдардын курман болгондугу тууралуу кайгылуу кабарды абдан өкүнүч жана кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана бул трагедиядан жабыркагандардын бардыгынын тезирээк сакайып кетишин каалайм.

Орду толгус жоготуунун азасын жана кайгысын тең бөлүшөм”, - деп айтты Садыр Жапаров.