Печать
Категория: Коом
Просмотров: 41

Жогорку Кеңештин экс-спикери Ахматбек Келдибековду сот толугу менен актады. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Ахматбек Келдибековго 3 айып тагылган. Алар:  "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу"  боюнча эки айып жана "Коррупцияга аралашуу" беренеси. Учурда үч айыбы тең толугу менен жокко чыгарылды. 

Анын кылмыш ишинде кылмыштын курамы жок болгондуктан, сот ушундай чечим чыгарган. 

Экс-спикер Ахматбек Келдибеков 2013-жылы ноябрда кармалган. Ал 2002-2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турганда коррупция, 2008-2009-жылдары салык кызматын жетектеп турганда, 2010-2011-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталган.