Печать
Категория: Коом
Просмотров: 245

- Сонунбү эже, кыргыз-тажик чек арасындагы 4 заставанын алынып салынышын колдогондор да, сындагандар да чыгып жатат.  Камчыбек Ташиев чыр-чатакты алдын алуу үчүн протоколго кол коюп туура кылдыбы?

- Ооба. Ар бир чечим, ар бир кадам жөн эле кабыл алына койбойт. Ойлонбой эле ушунтип чечип салгансып айрымдар элди чаргытып жатат. Бул отуз ойлонуп, он толгонуп, уйкусуз түндөрдүн жана ошондой эле согуш башталгандагы  иштин жүрүшүнөн келип чыккан чечим деп ойлойм. Кандай болгон күндө да кызуу кандуулук жакшылыкка  алып келбейт. Ырбап бараткан өрттү жеринде баса калыш да чоң эрдик. Болбосо дүйнөдө бизден кыйын, бизден күчтүү өлкөлөр күлгө айланып, эли жер кезип тентип жүрөт. Ошондон Кудай сактасын. Мамлекет башкаруу, жаманга да, жакшыга да тегиз мамиле кылуу оңой эмес. Болбосо элде бар ачуу Ташиевде деле бар. Алдынан чыккандын ташын талкан кыла  турган муштум да, дух да бар. Коркоктугунан унчукпай тынчтык жолу менен чечип жатат дейсиңби. Арканды узун таштап, элдин, жердин келечегин ойлогондугу үчүн каны кайнап турса да ичине жутуп, ушул кадамга барып жатат.  Буга чейинкилер жасабай жүргөн иштин кесепети эми тийди. Ошол убагында чечпей кеткен Акаев баш болгон качкын президенттерди шейит кеткен жигиттерибиздин убалы уктатпасын.

Эми ар кайсыны айтпай, бул чечим туура болду деп ишенип кабыл алалы. Чыр-чатак чыкпаганга аракет кылып, иш чараларды тынбай жүргүзүп, оюбуздун баары ошол жак болушу керек. Балабыздан чоңубузга чейин ошол ишти колго алып, тикебизден тик туралы. Качан чуу чыкканда эле түрүлүп жөнөп калбай ар дайым ой-санаабыздын бир бурчунда чек ара  турушу керек.

Мындан ары чек ара маеслесинде мамлекеттик деңгээлде иштер жүрүп улам кезек-кезек менен ар бир министрлик барып бир айдан иш чара жүргүзүп иштеп келиши керек. Дагы ойлонуп, кароо конкурстар, мекенчилдик жөнүндө  чыгармалар  жазылып, ырлар ырдалып, Баткен  качан  өзүнө  келгиче  майрам болушу керек. Кыскасы, дагы башка долбоорлор иштелип чыгып, айтор Баткен Кыргызстандын борбору деп бир жыл каттап турушубуз зарыл.

- Бул маселе боюнча президенттин айтканын да ар ким ар кандай кабыл алып жатат го?

- Элди чаргытып ээн ооз сүйлөгөндөрдү Жапаров туура кылды. Акылдуусунгандар ошол жакка барып, жеринен көрүшсүн.