Печать
Категория: Коом
Просмотров: 72

Кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан төрт көзөмөл-өткөрмө постун эки өлкө тең алып сала турган болду. Бул тууралуу КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

 Ал белгилегендей, төмөнкү төрт пост алынып салынат:

 1. "Тамдык" (Кыргызстан) — "Бедак" (Тажикстан);

2. "Булак-Башы" (Кыргызстан) — "Кех" (Тажикстан);

3. "Катта-Туз" (Кыргызстан) — "Карачикум" (Тажикстан);

4. "Дача" (Кыргызстан) — "Шаршене" (Тажикстан).

Анткени, УКМК төрагасынын айтымында, ушул чек ара посттору дайыма жаңжалдын чыгышына себеп болот. Постторду алып салуу менен жаңжалдын булактарын жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.