Печать
Категория: Коом
Просмотров: 76

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен жана Лейлек районунун чек арадагы куралдуу кол салуудан улам жер которуштурууга аргасыз болгон тургундарын айылдарына кайтууга чакырды. 

"Баткен жана Лейлек районунун учурда башка аймактарда убактылуу жашап жаткан тургундары үйлөрүнө кайта берсе болот. Кимдин кайтуугу мүмкүнчүлүгү жок болсо жергиликтүү бийлик органдары менен ӨКМ биргеликте транспорт уюштурат. Бүгүнтөн баштап чек арабызда тынчтык болот", - деди Камчыбек Ташиев. 

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 2022-жылдын 25-сентябрында "Кызыл-Бел-автожол" (КР) өткөрүү пунктунда Кыргызстан менен Тажикстандын компетенттүү органдарынын, Баткен облусунун (КР) жана Согди облусунун (РТ) башчыларынын, тараптардын чек ара ведомстволорунун жетекчилеринин жолугушуусу болгонун билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - КРнын УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант К.К.Ташиев жана ТРнын УКМКнын төрагасы С.С.Ятимов Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын чек ара аймактарындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын делегацияларынын жолугушуусунун протоколуна кол коюшту.