Печать
Категория: Коом
Просмотров: 68

"Кызыл-Бел-автоунаа жолу" өткөрүү пунктунда Кыргызстан менен Тажикстандын атайын кызматынын башчылары, Баткен жана Согди облустарынын башчылары, чек ара кызматынын жетекчилери жолугушту. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимов эки өлкөнүн чек ара аймактарындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча протоколго кол коюшту. 

Тараптар "Тамдык" (КР) жана "Бедак" (РТ) заставаларын, "Булак-Башы" (КР) жана "Кех" (РТ) постторун, "Катта-Туз" (КР) жана "Каракчикум" (РТ) постторун, Чайхана жерлигиндеги "Ак-Сай" (КР) постун жана Ходжай-Аъло жериндеги "Шаршара" (РТ) постун алып салууну жана чек араны коргоо бөлүктөрүнүн ар кандай түрлөрүн койбоону макулдашты.

Аталган бөлүмдөрдүн имараттары жана курулмалары консервацияланат.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын кайтаруу кыймылдуу чек ара кезметтери менен жүргүзүлөт.

Алар чек араны бойлой көрсөтүлгөн жана макулдашылган маршруттар боюнча так жүрөт.

Мындан тышкары, тараптар жаңжалдуу кырдаалдар көп болуп турган тилкелерге видеобайкоо камераларын орнотууну паритеттик негизде макулдашышты.

Белгилей кетсек, протоколдо айтылган посттор жайгашкан участоктордо калк жашабайт.

Ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары Кыргызстан жана Тажикстандын жарандары тарабынан мурда колдонулган Тамдык (КР) - Бедак (ТР), Булак-Баши (КР) жана Кех (ТР) жер участокторунда айыл-чарба иштерин жүргүзүүнү камсыз кылышы керек.

Протоколго ылайык биргелешкен жумушчу топтун чек ара аймактарынан аскерлерди жана оор аскердик техникаларды, кошумча күчтөрдү жана каражаттарды туруктуу жайгашкан жерине алып чыгып кетүү боюнча иши улантылат.

2022-жылдын 25-сентябры саат 21:30гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу деп мүнөздөлөт.