Печать
Категория: Коом
Просмотров: 123

Тажик бийлиги кыргыз-тажик чек арасындагы баскынчылыгын Кыргызстанга оодаруу аракетинде. Бул боюнча саясий серепчи Алмазбек Акматалиев пикирин соцтармактагы баракчасына жазды:

- Тажик бийлиги өз элине Кайрылуу кылган жок, аза күтүү жарыялаган жок, чекара аймактарындагы элин эвакуация кылган жок, бизчилеп гуманитардык жардам чогултушкан жок, Кыргызстан "бизди басып алды, талап-тоноду" деп бир да ишенимдүү фото- видеону эл аралык коомчулукка алып чыга алышкан жок...

Жанагы аткылап, өкүрүп- бакырып, киши өлтүрүп, кыргыз айылдарын өрттөп жүргөн аскерлерби же жарандык террористтерби деген суроого жооп беришкен жок!

"Силер биздин аймакка кирип келип, аскердик агрессия кылганыңардын максаты эмне эле? Кыргыз Өкмөтүнө талабыңар эмне эле?" - деген эң жөнөкөй суроолорго жооп бере алышкан жок

Тыянак: булар жөн эле бизди коркутуу- үркүтүү үчүн, "биз да кыйынбыз" дегенди далилдеш керек үчүн гана бул акмакчылыкты жасашты! Бул айбандык жана жырткычтык деп бааланыш керек!

Кыясы, Афгандын талибдеринен сестенип, Тоолуу Бадахшанда абал опурталдуу экенин сезип, ички экономикасы урап баратканын, жеке кландык бийлигине катуу шек келе баштаганын андап, жалгыз аргасы кыргызды коркутуу калган экен да...

Тапкан экенсиң....