Печать
Категория: Коом
Просмотров: 358

Кыргызстандык Мухаммадали Умаров Меккедеги дүйнөлүк Куран окуу жарышында 1-орунга ээ болду. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, жарыш Сауд Аравиянын Мекке шаарында маркум падыша Абдулазиз Ал-Сауддун элесине арналып уюштурулган. Биринчи орунду алган кыргызстандыкка 250 миң риал (5 миллион 500 миң сом) сыйлык иретинде берилген.

Мухаммадали Умаров ыйык Куран китебинин 600 барагын жатка айткан.