Печать
Категория: Коом
Просмотров: 139

Келечектүү элдин биримдиги, ынтымагы кыйынчылыктарда сыналат. “Россия Украинаны жок кылууну көздөдү эле, бирок ал тескерисинче аны бирдиктүү этнос  катары кайра жаралтты”  деген жайында Украинанын экинчи президенти Л.Кучма. Анын сыңарындай, Баткенде 14-17-сентябрда тажик аскерлеринин Баткендин бир катар айылдарына басып кирүүсү элибизди чыйралтып, мурда болуп көрбөгөндөй ынтымагын, биримдигин бекемдегендигине күбө болуудабыз. Адатта жай турмушта, саясий кампанияларда бөлүнүп, жарыла калган элибиз башыбызга оор мүшкүл, азап түшкөндө бир муштумдай биригип, ар ким мүмкүнчүлүгүнө жараша жардамын берүү менен улут, эл катары улуулугубузду, пейилибизди  көрсөтүп жатышат. Социалдык тармактарда болсо саясаттан башы чыкпаган активист, блогерлер да онлайн режимде баштарын бириктиришип, Тажикстанга каршы  маалыматтык кампанияны жүргүзүп жатышат. Анын натыйжасында эл аралык коомчулук, дүйнө эли Эмомали Рахмон баштаган Тажикстандын агрессиялык кол салуусун, согуштун аракеттерин билишүүдө. Мындай учурда маалыматтык саясаттан утулуп калбоо маанилүү болсо, социалдык тармактын колдонуучулары бул жагынан зор иштерди аткарышууда.

Баткен элине жөнөтүлүп жардамдар жөнүндө айта турган болсок, кагылышуу башталгандын эртеси эле борбор калаабыздагылардын бир тобу көтөрүлүп, Баткенге жөнөтүүнү талап кылышса, анын эртеси жабыр тарткандарга жардамдарды уюштуруу иштери башталган. Мындан эки күн мурдагы маалыматтарга  ылайык, Баткенде жабыркагандарга 1500  тоннага жакын азык-түлүктөр, күндөлүк зарыл буюмдар жөнөтүлүп, атайын эсепке 70 миллион сомдон ашык акча түштү. Ушул жуманын дүйшөмбү, шейшембилеринде баардык  мамлекеттик жана муниципалдык органдарда, мекемелерде жана ишканаларда, уюмдарда чогулуштар өткөрүлүп, жекече кошумчалардан сырткары бир күндүк эмгек акыларын Баткенде жабыркагандар үчүн атайын эсепке которуп бере турганын билдиришти. Андай чогулуштардын бири КРнын Улуттук тарых музейинин эмгек жамаатында да өткөрүлдү.

Чогулушту музейдин директору, КУИАнын корреспондент-мүчөсү, профессор Жылдыз Бакашова ачып, набыт болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты, катышуучулар аларды бир мүнөткө ордуларынан туруп эскеришти. Андан кийин жамааттын бир күндүк эмгек акысын жабыркагандардын эсебине которуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул бир мисал. Минтип бир күндүк маяналарын которуу чечимдерин  бардык мамлекеттик органдар, мекеме, ишканалар, чоң, кичине эмгек жамааттар кабыл алышты.  “Көп түкүрсө, көл болот” дегендей, Баткендеги баскынчылар талкалап, өрттөп, талап-тоноп кеткендердин ордуларын толтурууга  эл чоң үлүшүн кошуп жатат. Чоң долбоорлорду каржылап, айлыктарды, пенсияларды, жөлөк пулдарды үзгүлтүксүз  берип жаткан бюджетке күч келтирбестен кыйрагандар ички, сырткы жардамдардын эсебинен бүткөрүлсө, андан жакшы болмок. Бирок, кыйрагандарды ордуна келтирген менен баскынчылардын колунан окко учкан 59 адамдын орду эч качан  толбойт. Урандылардын, кыйрагандардын арасынан дагы өлгөндөр табылышы ыктымал. Ал эми жарадар болгон 150гө жакын адамдын арасында айрымдары түбөлүккө майып болгону турушат.

Мындай окуя өткөн жылдын апрелинин аягында болуп, андан биз тараптан 40ка  жакын адам өлүп, экономикабызга 1 миллиард сомдон ашык зыян келтирилген. Бир жылдан кийин андай баскынчылык кеңири масштабда дагы кайталанды, бул ирет  тажиктер Лейлектен Алайга чейинки чек араларга жакын айыл-кыштактарды автомат-пулеметтор, замбиректер, минемёттор, тик учактар менен аткылап киришти. Ал атайын алдын ала даярдалган баскынчылык акция беле же күтүүсүздөн болдубу, ал жакынкы күндөрдө толук такталат, бирок  өткөн жылдагыга салыштырганда шейит кеткендердин, жарадарлардын  эки эседей көп болгону кабыргабызды кайыштырууда. Экономикалык чыгымдар эсептелип жатат. Кыргызстан бир жыл мурда ордуна келтиргендерди тажиктер кайра талкалап кете беришсе, же алардан эч нерсе өндүрө албасак, ал жерлерге жаңы маданий-сооциалдык обьектилерди куруунун зарылдыгы барбы?

Тажиктер тарткан чыгымдар жөнүндө ар кандай маалыматтар таркатылууда. Биздин айрым булактар алардан 200дөй  адам өлүп, 50гө жакын оор техникасы талкаланды дешсе, алар өздөрү 35 адам өлүп, 100гө жакыны жарадар болгонун билдиришүүдө. Алардын жоготуулары жөнүндөгү так маалыматтар жакынкы күндөрдө жарыяланат, анда талаш жок, бирок мында элди: “Тажикстан менен чектешкен жерлердеги мындай кандуу кагылышууларга качан биротоло чек коюлат?  Баткендиктер качан тынч жашаганга өтүшөт? Эгерде талаш жерлер боюнча эки тарап  бир пикирге келе алышпаса, кагылышуулар Палестина менен Израилдин жаңжалындай ондогон жылдарга созулуп кете береби?-деген суроолор тынчсыздандырып жатканын ачык айта кетели.

Бийликтегилер бул маселелерди  жакынкы убактарда чечиши керек. Антпесе ал жактан Ошко, Бишкекке, Россияга жер ооштургандардын саны дагы көбөйүп, чек аралардын айрым жерлери биротоло жайдакталып калышы ыктымал.

 

Автандил Белеков