- Тажикстандын агрессиясы, атайын террористтик уюмдарды жалдаганы боюнча коомдо пикирлер арбын айтыла баштады. Тажиктер неге террористтик уюмдарды жалдады? Алар эмнеге чындыкка дал келбеген маалыматтарды бергенди адат кылып алышты?
- Бул айбанчылык, баскынчылыктын айланасында бүгүн ар кандай божомолдор айтылып келет. Анткени, өткөн жылкы иттигинен айырмаланып, бу курдайы кадимки басып алуучулук аракеттери дароо көзгө чалдыкты. Чек ара чыры деген түшүнүк ошол замат түтүндөй тарап, бир мезгилде 20дай багытта боюнча күтүүсүз чабуул жасашып, бир катар айылдарды басып алышып, үйлөрдү өрттөшкөнүнөн (өткөн жылкы иттиктен соң кайра жаңыдан курулган болчу) бүгүн так эле айтса болот. Анткени, кең аймактагы чабуулунан улам анын атайын пландаштырылганы, бир максатты көздөгөнү байкалды. Чек ара кызматына куралдуу күчтөр, кала берсе жай тургундардын топторунун аралашып кетиши бир чети күдүктү туудурду. Максат, Кулунду, Интернационал аймактарынын жерлерин басып алууда мына ушул жалданма иттердин мыкаачылыктарынан жарандык, коомдук багыттагы үйлөр, социалдык багыттагы бала бакчалар, мектептер, ооруканалар жабыр тартты, тагыраагы, талкаланып, өрттөнүп кетти.
Куралдуу күчтөрдүн курамында жалданма баш кесерлердин тобунун жүрүшү албетте, көзгө чалдыгып, бу итибайларды не максатта жалдашкандарын айттырбай билсе болмок. Анткени, алар кесипкөй баш кесерлер, талап-тоноонун , тамдарды өрттөөнүн, адамды мыкаачылык менен өлтүрүүнүн машыккан дөбөттөрү...
Ооганстанда талибдер бийликти алгандан кийин бир катар террордук уюмдар четке сүрүлүп, көчөдө калгандыктан, мына ушулар иттерди Рахман-фашист өзүнүн кызыкчылыгы үчүн пайдалангысы келгендиги көрүнүп турат.
Жалданмаларды мекени, башкасы болбогондуктан, аларга баары бир: каерде, кимди өлтүрүү, талкалоо, талап- тоноо. Капчыгы толсо болгону. “Солдаты удачи” деп койот мындайды Европада...
Рахман-фашист өткөн жылкы мизи кайтарылган чабуулунан шекшип, болду-болбоду бу курдайы жерлерди бир демде басып алууга бел байлап, аскерлеринин алдына ушул иттерди агытып ийбедиби. Ишенди. Акча үчүн жанын сатышкандар бет маңдайында кимдир бирөө эмес, кыраан кыргыздын бүркүттөрү турганын эсине алышпады. Ошо сымал алгачкы ирмемдерде кезиккенди чаап, кыйратып, бүлүнтүп келишти.
Кыргыз аскерлеринин баатырдыгы, чептен эрдин күчү бектиги, мекен үчүн баштарын баталгага сайышы бул иттердин ойлорунун таш талканын чыгарды. Жалданмаларын жалыны бат эле өчүп, качып жөнөштү... бирок аларды тооктой терип бирден атышканы тууралуу маалымат айтылбаганы менен ... андан да жаман кылышканы айдан ачык. Катыгын колуна беришти кыргыз жоокерлери.
Эң кызыгы, эки тарап сүйлөшүү жараянын баштап, соңунда кайрадан тынчтык келишимине кол коюшканы бир тең болуп, Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басарынын апендиче жомок айтып, кыргыз тарап атайын планы менен бизге кол салды дегени бир тең болду. "Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат" дегениң ушул. Эл аралык коомчулукка алар кыргыздарды агрессор катары көрсөтүүгө шашылып жатышат. Бирок коомчулукту бүгүн адаштырып, азгырып кетүү бир топко кыйын. Спутниктен алынган сүрөттөр, башка - башка далил көрүнүштөр, талкаланган үйлөр, курмандыктар... таптакыр башача сүйлөп жатканы менен тажиктердин иши деле жоктой. Тим эле көктөн түшүшкөнсүп. Сөөмөйлөрүн көрсөтүп, "агрессорлор тигине" дешип жерди тебишет десең... “Ууруну карма деп уурунун өзү жүгүрүп жүргөнү" кызык болуп жатпайбы. БУУда бу маселе каралганда көрөбүз го ООНдун КООН болбой, али да ООН экенин...
Эмки маселе - Эл аралык сотко берип, иттигин мойнуна алдыртып, репарация төлөтүүдө... Өткөн жылдагыдай колдоруна чыбыкты катуураак уруп койбосок, бейжоопкер Рахман-фашисттин кайра эле үрүп чыгышы мүмкүн. Дипломатиялык кармашта өтө сергек жана так, сак болуу менен тажик эли менен Рахман-фашисттин бийлигин аралаштырып албайлы.... Ит болсо Рахман жана анын айланасындагы күчүктөрү күнөөлүү... Бирок эки элдин ортосундагы байланыш эми таптакыр эле төмөн түшүп кеткенин да унутпайлы. Убакыт өтмөйүнчө аны артка кайтаруу да мүмкүн эмес. Колу менен жасаганды мойну менен тартканда гана өзгөрүүлөр болушу ыктымал. Башка жол жок.