Печать
Категория: Коом
Просмотров: 209

"Кыргызкөмүр" Баткенге медициналык каражат, азык-түлүк жана 600 миң сом жардам берди. Бул тууралуу ишкананын басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова билдирди. 

Анда айтылгандай, Баткен облусунда жабыркагандарга “Кыргызкөмүр” МИсынын жумушчулары бир күндүк айлык маянасын которду, жалпы сумма 600 миң сомду түздү.

Андан тышкары 1 миллион сомдон ашык суммага азык-түлүк, медициналык дары-дармектерди сатып алып жөнөтүлүп жатат.

Аталган гуманитардык жардам аткыланган айылдардан Сүлүктүгө жайгаштырылган тургундарга таратылат.

Жалпы жардам суммасы 1 600 000 сомдон ашык сумманы түздү. Атайын техника жалданып, кечээ түнү жолго чыкты, бүгүн дарегине жетет.