Печать
Категория: Коом
Просмотров: 231

- Мамат агай,Тажикстандын агрессиясы, атайын террористтик уюмдарды жалдаганы боюнча коомдо пикирлер арбын айтыла баштады. Тажиктер неге террористтик уюмдарды жалдады? Алар эмнеге чындыкка дал келбеген маалыматтарды бергенди адат кылып алышты?

- Мүмкүн граждандык кийимди кийип алган тажик аскерлеридир. Шох Искандаров талаа  командири бүгүн Тажикстандын генералы экен. Балким Тажикстанда атайы даярдалган боевиктер бардыр? Аны разведка (чалгындоо) аныкташ керек. Тажикстандын, тажик элинин максаты - Кыргыз Мамлекетинин Баткен жана Лейлек райондорунун территориясын басып алуу. Картаны карагыла, Баткен, Лейлектин тушунда , Тажикстандын  матча жана тоолуу райондору. Бул райондордон Ворухка жана башка айылдарга наркотик ташылып турчу. Ошол схемаларды кайра түзүүгө жанталашып жатышат. Ошондой эле алар эң негизи территория жана сууга ээ болгулары келет. Себеби, эли өсүп көбөйүп жатат. Тажик бийлигине, элине ишенип болбойт.  Ошон үчүн биздин ата- бабалардан калган "сарт там айланганча" деген сөздү ар дайым эске алып жүрүшүбүз керек. Анткени, булар эки жүздүү эмес, көп жүздүү. Ошондуктан, сүйлөшүүгө катышкан кыргыз өкүлдөрү алданбаш үчүн ушул сөздү  эске ала жүрүшү керек. Тажикстанга  алданып калса, кыргыз элине жооп беришет.