Печать
Категория: Коом
Просмотров: 94

Тажик баскынчыларынын куралчан кол салуусу элдин тынчтыгына, мамлекеттин бүтүндүгүнө карата кылмыш деп бааланды. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан «Тынчтыкты бузуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Анысы жакшы. Бирок кылмыш иштин негизинде юридикалык баа берилип, келтирилген зыяндардын ордулары толтурулабы? Же жөн гана элди сооротуу үчүн кылмыш иши козголдубу?

Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп эле тим болбостон, Кыргызстандын ТИМинин «атайылап пландаштырылган агрессиялык акт» деген жыйынтыгы менен бириктирип, анын негизинде эл аралык укук коргоо, соттук уюмдарга кайрылып, Тажикстандын согуштук аракетине укуктук  баа бердирүүгө жетишүү зарыл. Тажикстандан кирип келген баскынчылары тарабынан келтирилген зыяндар тажик өкмөтү тарабынан төлөнүп берилиши керек. Өткөн жылдын апрелинде орун алган ушундай эле окуяда талкаланган турак-жайларды да өзүбүз калыбына келтирип, жаңы үйлөрдү курган элек.

Болбосо, КРнын Башкы прокуратурасынын тергеп, иликтөөлөрүнүн жыйынтыгына  тажиктердин мышыгы да мыёолоп койбойт.