Интернет айдыңындагы социалдык тармактарга чектөөлөр киргизилип, көзөмөлгө алына башташы мүмкүн. Мындай маалымат өткөн жумада Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды.
Чын эле социалдык тармактарга чектөөлөр керекпи? Же демократиялык принциптер өкүм сүргөн, сөз эркиндиги бар мамлекет катары эч кандай чектөөлөр болбошу зарылбы?
Тилекке каршы, интернеттин, анын ичинде социалдык тармактардын өнүгүүсү менен сөз эркиндигиндеги мыйзамдуулук, жоопкерчилик деген принциптерге маани берилбей калды. Сөз эркиндиги деген ушул экен деп, социалдык тармактарга каалагандар каалагандарын, жалгандарды жазышып, ал аз келгенсип жарандардын абройлоруна, жеке инсандыгына шек келтирген маалыматтарды таркатуу көндүм көрүнүшкө айланса, социалдык тармактарды бешиктеги балдар да колдонушуп, ал жаш балдарга психологиясына, жүрүм-турумдарына, ой жүгүртүүлөрүнө терс таасирлерин тийгизүүдө. Социалдык тармактарды көп колдонгон наристелердин интернетке көз карандылыгы чоң көйгөйгө айланды. Бул айтканга жеңил болгону менен оор көйгөй. Келечек муундарга билим берүү, таалим-тарбия иштерине көңүл бурган, келечегин ойлогон өлкөлөрдө социалдык тармактарды колдонууда конкреттүү чектөөлөр киргизилген. Ошондуктан бизде да жаш балдардын социалдык тармактарды колдонууларына, узак убакыт отурууларына чектөөлөрдү киргизүүбүз кажет. Бул күндүн талабы.