Печать
Категория: Коом
Просмотров: 72

Бүгүн, 21-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйыны мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги куралдуу кагылышууда курман болгон жарандарды эскерүү менен башталды.

Төрага Талант Мамытов куралдуу кагылышуудан бейкүнөө жарандар жана аскерлер каза болгонун өкүнүү менен белгилеп: “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атынан каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм”, – деди.

Андан соң 1 минуттук эскерүү жарыяланды.