Журналист Мирлан Дүйшенбаев президент Садыр Жапаровдун БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сүйлөгөн сөзү боюнча пикирин билдирди.
- Президент Садыр Жапаров БУУнун башкы трибунасында мыкты сүйлөдү. Айтылчу нерселерди айтты, чындыкты жеткирди, Рахмондун чыныгы жүзүн ачты. Дүйнөдөгү 192 өлкөнүн башчылары, өкүлдөрү, журналисттер, медиалар Кыргызстан-Тажикстан боюнча чындыкты билишти. Мында эл аралык коомчулукка чындыкты, "тээжиктердин" агрессиясын, баскынчылыгын жеткире алганыбыз чоң утуш болду. Эми буга Рахмон баштаган "тээжиктер" ого бетер өчөшүп, «дүйнөгө агрессор аталдык, эми бизге «терять нечего» деп, кайрадан агрессиялык иш-аракеттерин жүргүзүүлөрү мүмкүн. Андай болбойт дегенге кепилдик жок. БУУ «ынтымакта жашагыла, тынчтыкка келгиле» дегендей тариздеги резолюцияны кабыл алып эле койбосо, БУУнун Рахмонду эсине келтирүүчү, аны тизгиндөөчү конкреттүү ыйгарым укуктары жок. Резолюцияны Рахмон уруп ойнобойт. Ошондуктан сагызгандай сак болуп, чалгындоо иштерин активдештирип, чек ара аймактарындагы коопсуздукту камсыз кылуу, алдын алуу иштерине өзгөчө көңүл буруу керек.