Печать
Категория: Коом
Просмотров: 257

КР УКМКнын Чек ара кызматы 21-сентябрь, саат 9:00гө карата Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында кыржаал салыштырмалуу туруктуу, бирок чыңалуунун элементтери бар деп билдирет. 

20-сентябрдан 21-сентябрга караган түн ар кандай окуясыз, тынч өттү. 

Эске салсак, 20-сентябрдан тартып кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында чек ара тилкелерин жарылбай калган снаряддардан, миналардан, ок-дарылардан жана башка жардыргыч заттардан аныктоо, тазалоо жана зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлүүдө. 

КР УКМКнын Чек ара кызматынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан бөлүгү күчөтүлгөн режимде иштөөсүн улантып жатат.