- Айданбек байке, тажикстандын агрессиясы, атайын террористтик уюмдарды жалдаганы боюнча коомдо пикирлер арбын айтыла баштады. Тажиктер неге террористтик уюмдарды жалдады? Алар эмнеге чындыкка дал келбеген маалыматтарды бергенди адат кылып алышты?
- Тажикстандын агрессиясы алардын куралдуу топторунун кыргыз айылдарына кирип, адамдарды өлтүрүп, үйлөрдү өрттөп, мал-мүлктү талап-тоноп кетүүсү менен далилденип турат. Ак-Сай, Капчыгай, Миң-Өрүк, Арка массивиндеги айылдардын аянычтуу абалы карап көрүңүз... Ошондуктан “Кыргызстан агрессия жасады” деп тажик тарап ооз ачпай эле койсун.
Ооба, тажик тарап мындай кагылышууларга даярданып келатат. Биз дагы абдан даяр турушубуз керек. Анткени чек ара маселеси чечилбеген. Кичинекей эле чырдан чоң өрт чыгып кете турган абалда турабыз.
Бирок эки тарап курал эмес, дипломатияга басым жасаш керек. Ошондой убакыт келди. Анткени эки тарап тең 16-сентябрда колунда болгон арсеналы менен согушуп көрдү. Мындан жеңүүчү болбоду. Калктын азабы, жоокерлердин ажалы жан дүйнөнү эңшерип кала берди. Албетте, мекенин коргоп ажалга тик турган баатыр жоокерлерибиздин эрдиги ченемсиз...
Тажик тарап бейформал күчтөргө курал-жарак берип чыгарганы социалдык түйүндөрдөгү видеолор менен ырасталып турат. Ак-Сай айылынын тургундары да ырастап айтып жатат. Алар “биз тааныган эле адамдар (тажиктер) курал менен бастырып кирди, бизде курал жок, коргоно албай калдык. Тажиктер айылдарыбызга кирип келип, баарын өрттөп, талап-тоноп чыгып кетти”,- деп боздоп жатышат. Булардын баары талдоого алынып, тийиштүү чаралар көрүлүшү керек.