Печать
Категория: Коом
Просмотров: 126

КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирет: 2022-жылдын 20-сентябры саат 08:00гө карата Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлөт. 

19-сентябрдан 20-сентябрга караган түн эч кандай окуясыз тынч өттү. 

 УКМКнын Чек ара кызматынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын тилкесинде жайгашкан бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштөөнү улантып жатат. 

Кыргызстан жана Тажикстандын делегациясынын сүйлөшүүлөрүнөн кийин Тараптардын жумушчу комиссиялары кырдаалды деэскалациялоо жана мамлекеттик чек ара сызыгынан кошумча күчтөрдү жана каражаттарды чыгаруу боюнча буга чейинки макулдашуулардын аткарылышын текшерүү жаатында чараларды көрүүнү улантат.  

Жумушчу комиссиялар жыйындын жүрүшүндө кабыл алынган сунуштарды жана чечимдерди да карайт.