Печать
Категория: Коом
Просмотров: 92

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов маалымат жыйынында билдиргенине караганда, Кыргызстандын чек арачылары Тажикстан тараптан чагымчыл даярдыктар жүрүп жатканын кабарлаган.  

Ошондой эле, ал Тажикстандын баскынчылыгынан курман болгондордун жакындарына көңүл айтты. 

"Эки-үч күн мурда Кыргызстандын чек арачылары тажик чек арачыларына такталбаган аймактарга кирүүгө болбой турганын эскертишкен. Бирок ага карабай киришип, ок чыгарышкан. Бир аз убакыттан кийин тажик тарап минометторду колдонуп баштаган дагы, өрт башка аймактарга дагы жайылган. Ага чейин кыргыз чек арачылары тажик тарапта чагымчыл иштерге даярдык жүрүп, окоптор казылып жатканын айтышкан. Биз алардын даярдыгы тууралуу кабардар болгонбуз", - деди Иманкулов.