Печать
Категория: Коом
Просмотров: 85

"Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болуп өткөн окуяларга байланыштуу жарандар, активисттер, ошондой эле демилгелүү топтор тарабынан, Баткен облусунун жаңжал учурунда жабыркаган жергиликтүү тургундарына жана аскер кызматкерлерине гуманитардык жардам чогултууну уюштурушууда.

Ушул жылдын 17-сентябрынан 19-сентябрына чейин Баткен областына жалпысынан 700 тоннага жакын гуманитардык жүк жеткирилди. Республиканын бардык аймактарынан гуманитардык жардам жөнөтүлгөн жана келүүдө, анын ичинде негизги керектөөлөр да, башка зарыл каражаттар да бар.

Ошол эле учурда айрым жарандар түзүлгөн кырдаалдан пайдаланып, өздөрүнүн жеке максаттарын көздөп, элге көрсөтүлүп жаткан жардамды ашкере жарнамалоого аракет кылып, коомчулуктун алдында өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөтүп жатат.

Буга байланыштуу бардык жарандарды жабырлануучуларга колдоо көрсөтүүдө өзүн пиар кылуудан алыс болууну суранабыз", - деп билдирди КР УКМК.