КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - УКМКнын төрөгасы Камчыбек Ташиев Тажикстанга кирип, ал жакта кармалып жаткан 4 чек ара жоокерин бошотуп келди.

“Тажикстанда барымтада турган төрт жоокерибизди алып чыктык. Баарынын ден соолугу жакшы, бирөөсүнүн гана бутунда жаракаты бар экен. Азыр ооруканага алып бардык, бир сыйра текшерилип эртең менен туугандары алып кетет”, — деди Камчыбек Ташиев.

Ошондой эле ал Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов менен тынчтыкты бекемдөө боюнча иш-чараларды жүргүзүү боюнча протоколго кол коюлганын билдирди.

Анын айтымында, Баткенде акырындык менен тынчтык орной баштады. Эртең кечинде дагы жолугушуу болот.