УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 19-сентябрда Тажикстандын тийиштүү кызматтары менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде кыргыз-тажик куралдуу кагылышуусунда коңшу өлкөнүн аскерлеринин барымтасында калган төрт чек арачыны бошотту. Бошотууга УКМК төрагасы өзү барганын журналист Нургазы Анаркулов соцтармактагы баракчасы аркылуу кабарлады.
Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал 14-сентябрда оордошкон. Бул күнү тажик аскерлери Кыргызстандын аймагына ок ата башташкан. Андан кийин эки тараптык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ок атуу токтотулган. Бирок 16-сентябрда таңга маал тажик тарап бардык макулдашууларды бузуу менен бир нече кыргыз аймагына бир убакта ок чыгарып, кол салышкан. Чек ара аймагында жайгашкан кыргыз айылдарынын тургундарын коопсуз жайга чыгарууга аргасыздык жаралган.