Эл арасында, айрыкча Баткен аймагынын тургундар арасында "Камчыбек Ташиев "Тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жакшы болбой жатат, андыктан үйлөрүңөргө кайтпай тургула", - деген билдирүү таратты" сыяктуу маалыматтар тарап жатканын жергиликтүү тургундар билдиришүүдө. Мындан улам, эл дагы кандай окуялар болуп кетет деп чоочулашып жатканын айтышты.
Буга байланыштуу, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин эл менен жолугушуусундагы билдирүүсүн келтиребиз.
"Азырынча үйүңөргө кайтпай тургула. Тынчтык толук орноп, адам өмүрүнө коркунуч жаралбай тургандай кырдаал жаралганда айтам, ошондо келесиңер", - деген УКМК төрагасы.
Бул билдирүү "сарафанное радио" аркылуу баштапкы маанисин жоготуп, туура эмес бурмаланып тараганын эскертебиз.