Печать
Категория: Коом
Просмотров: 101

Алдын ала маалымат боюнча Баткендеги куралдуу кагылышуунун кесепетинен облус боюнча 282 турак жай, 3 стратегиялык объект, 9 социалдык объект, 300гө жакын жашоо тиричилик камсыздоочу обьекттер талкаланып, өрттөнгөн. Мындан сырткары 9 унаа күйгөн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Бирок маалыматта айтылгандай, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана ЖК кызматтары менен түзүлгөн коммисиянын текшерүү иши учурда да уланып жаткандыктан, бул сан өзгөрүшү мүмкүн.

Соңку маалыматка ылайык, 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланып, анын ичинен 3427 жаран убактылуу кабыл алуучу жайларга жайгашкан.

Баткен облусу боюнча жалпы 45 убактылуу кабыл алуу жайлары (ПВР) иштеп жатат.

Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.

Ошондой эле Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин жатаканаларында 1890 орун даярдалып, учурда 512 жаран жайгашкан.

Азыркы учурда Баткен облусуна жалпы 506 тонна гумжардам жеткирилип, анын ичинен 116 тонна КР ӨКМ тарабынан жеткирилген, 301 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген, учурда кампада 89 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 39 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп (635 тонна) Баткен облусунун аймагына жөнөтүлгөн.

Республикабыздын бардык аймактарында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат.