Дүйнөдө Кытайды кармап, Россияны алсыздандырууга багытталган чоң оюн жүрүп жатат. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кагылышуу дагы ушул оюндун бир бөлүгү, президент Рахмондун артында батыштын жамааттык кызыкчылыгы турган саясатынын жыйынтыгы. Мындай пикирин саясат талдоочу Марс Сариев "Кабар" маалымат агенттигине билдирген.
Сариев чек арадагы провокациянын Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча келишимге кол коюлаары менен башталганын көңүл сыртында калтырууга болбойт деп эсептейт.
"Ушундай болушу мүмкүндүгүн мен үч ай мурун эскерткем. Рахмон батыштан өтө көз каранды жана анын тарабында ойноп жатканы белгилүү болгонсуп калды. Жакында АКШ эгидасынын алдында Тажикстанда машыгуу өткөрүлгөнүн эске салсак болот. Бул өтө так сигнал.
Чек арадагы акыркы кагылышуу учурунда биздин чек арачылар Тажикстандын аймагындагы белгисиз улуттагы куралдуу согушкерлерди катташканы айтылган. Душанбе чек ара райондорун ошончолук көзөмөлсүз калтырган деп айтыш мүмкүн эмес. Андан сырткары, коңшу өлкө алдын ала Баткен облусуна жакын жерге оор техникаларын жана аскер бөлүмдөрүн жеткирген. Мунун баарына Рахмондун катыштыгы жок деп айтуу такыр мүмкүн эмес.
Кыскасы, Душанбенин Кыргызстанга каршы агрессиясы Кытайды кармоо жана Россияны алсыздандырууга багытталган. Рахмон өтө коркунучтуу оюнга аралашты, анын аягы жаман бүтөт", - деген Марс Сариев.