Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-сентябрда кыргыз элине кайрылуу жасады. Анда мамлекет башчы коомчулукту ынтымактуу болууга чакырды.
"Урматтуу кыргызстандыктар, ата-бабаларыбыз эзелтен сөз баккан эл. Интернет желесинде аралаган чагымчыл маалыматтарды ылгай билели. “Ачуу душман – акыл дос” дейт, ачууга алдырып, божомолдонгон, такталбаган маалыматтарга ишенип, ортого от жаккандардын торуна түшүп калбасаңыздар. Жүзү кара чагымчылдардын тилине кирип, стратегиялык өнөктөш, дос өлкөлөрдүн, бизге тилектеш элдердин дарегине жөн жерден жалаа жаап албайлы.
Мындай коогалаңдуу шартта бир гана расмий органдар тарабынан берилип жаткан малыматтарга гана ишениңиздер деп үндөп кетер элем. Себеби азыркы учурда чек ара коопсуздугу, маалымат коопсуздугу – баары тыкыр көзөмөлдө.
Мамлекетибиздин чек араларына байланыштуу талаштуу маселелер акырындык менен чечилип келе жатат. Өзүңүздөр билгендей, буга чейин Өзбекстан Республикасы менен чектешкен аймактардагы чек араларыбыз толук чечилип, расмий түрдө документтештириле турган маселе гана калды. Бүгүнкү күндө жалгыз гана Тажикстан Республикасы менен чектешкен жерлерибиз такталбай, көйгө жаратып келүүдө. Биз кыргыз-тажик чек арасын бир гана тынчтык жолу менен ыкчамдатып чечүүгө аракетибизди токтотпой улантып жатабыз.
Дагы бир айта кетүүчү жагдай, Баткенге барабыз деген жигиттер, жаштар, сабыр кылыңыздар. Мамлекеттин аскер дараметин мурдагыдай көрбөңүздөр. Кудайга шүгүр, армиябыздагы абал бүгүн башка. Чек арабызды бузгусу келгендерге толук жооп берүүгө жараган эр-азаматтарыбыз, күч-кубатыбыз бар, жетиштүү. Мекен чегине басып киргендер өз жазаларын катуу алышканы буга далил. Жалпы элибизден сураныч, ички ынтымакты кармап, биримдигибиз менен мамлекеттик бийликтин, аскер күчтөрүнүн аракетин колдоп бериңиздер.
Кадырман калайык-журтум! Бир болсок, ынтымактуу болсок бардык кыйынчылыктарды жеңип чыгабыз.
Ынтымагыбыз чыңдалып, биримдигибиз бекемделе берсин! Кан Манастын тукумубуз деген демибиз өчпөсүн! Сүйүктүү Кыргызстаныбыздын асманы ачык, Баткен жергесинде дайыма тынчтык болсун!” - деди мамлекет башчы.