Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-сентябрда Кыргызстан элине кайрылуу жасады.
"Ата -Журттун башына кыйынчылык келсе бир муштумдай бириккен бийик наркы бар эл экенибизди ар дайым далилдеп келатабыз. Манас атабыздын каны каныбыз менен бирге айланып турганда, биздин элдин бул наркын эч ким буза албайт! Ата Журттун башына күн түшсө ынтымак менен биримдиктин күчү кандай болоорун ааламга сездире алдык.
Мекен чегин коргоо – ары жооптуу, ары сыймыктуу ыйык милдет. Ошентсе да, эр жигиттерибиз эл-жеринин чегин коргоп жатып, кандары забын болгонуна ар бирибиздин жүрөгүбүз сыздап турат. Курман болгон жоокерлерибизди жарык дүйнөгө алып келип, Кыргыз жерин жанындай сүйүп, ага өмүрүн берүүгө даяр кылып тарбиялап өстүргөн энелерге айтаарым, сиздер чыныгы баатыр уулдарды төрөгөн экенсиздер, сиздерге башымды ийип таазим кылам. Алардын ар биринин эрдиги Кыргызстан элинин эсинде түбөлүккө сакталат.
Мекен чегин коргоп, курман болгон ар бир жоокердин ата-энелери менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кайрат кылыңыздар! Баатыр уулдарыбызга бүгүн бүт Кыргызстан эли башын ийип таазим кылып, аза күтүү менен бирге чын дилдеринен ыраазы болуп сыймыктанышууда.
“Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” дейт, керек болсо, ар бир эр жигит Ата Журт үчүн канын-жанын аябаган деген мына ушул эмеспи. Ушундай азамат уулдарыбыз турганда биздин чекти эч ким буза албайт. Биз буга бекем ишенебиз.
Алардын артында калган үй-бүлөсүнүн, балдарынын келечегин мамлекет мойнубузга алабыз.
Баткен чек арасындагы кандуу кагылышууну укканда, чыдамы кеткен ар бир атуулубуз баскынчылардын мындай жоругуна кайдыгер эмес экендиктерин билдирип чыгышты. Республиканын бүткүл аймагынан мекендештерибиз жеке демилгелери менен ар кандай жардамдарды уюштуруп, Баткенге жөнөтүшүүдө. Элибиздин мындай урагыс биримдигине таазим кылам!" - деди мамлекет башчы.