Печать
Категория: Коом
Просмотров: 107

Президент Садыр Жапаров бүгүн түз эфирде элге кайрылуу жасайт. Түз эфирди КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардан, соцтармактардан көрүүгө болот. Башталыш убактысы 12:30. 

Бүгүн, 19-сентябрь Кыргызстанда улуттук аза күтүү күнү. 

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал 14-сентябрда оордошкон. Бул күнү тажик аскерлери Кыргызстандын аймагына ок ата башташкан. Андан кийин эки тараптык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ок атуу токтотулган. Бирок 16-сентябрда таңга маал тажик тарап бардык макулдашууларды бузуу менен бир нече кыргыз аймагына бир убакта ок чыгарып, кол салышкан. Чек ара аймагында жайгашкан кыргыз айылдарынын тургундарын коопсуз жайга чыгарууга аргасыздык жаралган. 

Тажикстандын агрессиясынан Кыргызстан 59 жаранынан айрылды.