Ош, Жалал-Абад жана Раззаков шаарларына бардык каттамдар штаттык режимде аткарылууда. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалыматка караганда, каттамдарды "Тез Жет" авиакомпаниясы аткарууда.
Бишкек-Раззаков-Бишкек багыты боюнча аба каттамдар жумасына 2 жолу – шейшемби жана ишемби күндөрү аткарылууда.
Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек багыты боюнча аба каттамдар жумасына 9 жолу аткарылууда.
Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча аба каттамдар күнүнө 5-6 жолу аткарылууда.
Ошондой эле, Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча авиакаттамдар "АвиаТраффик" авиакомпаниясы аркылуу күнүнө бир жолудан жана "Aэрономад" авиакомпаниясы тарабынан жумасына эки жолудан (шейшемби жана ишемби күндөрү) аткарылууда.