Печать
Категория: Коом
Просмотров: 73

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызматкерлери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу конфликттен жабыркаган Баткен облусунун жашоочуларына жардам катары бир күндүк эмгек акысын которушат.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын бардык министрликтеринин эмгек жамааттары Баткен облусундагы чек арадагы окуяга байланыштуу өздөрүнүн бир күндүк эмгек акысын материалдык жардам катары которушууда.

Мындан тышкары, башка мамлекеттик органдар да бир күндүк маянасын которушууда.

Бир күндүк эмгек акысын которууну каалаган мамлекеттик органдардын тизмеси толукталууда.