Печать
Категория: Коом
Просмотров: 959

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев кыргыз-тажик чек арасындагы абалга байланыштуу кыргызстандыктарга көңүл айтты.

- Менин бир боорлорум! Өзүм алыста болсом да, азыркы учурда Кыргызстанда болуп жаткан оор жоготууларга жүрөгүм тилинип, баардык кыргыз эли менен кошо терең кайгырып жатам.
Баарынан да, бул согуш ОДКБга кирген ар жактама союздаш эки өлкөнүн ортосунда болуп, тажик тараптын түбөлүктүү коңшу болгон биздин өлкөгө карата кылып жаткан кыянатчылыгы өкүндүрөт. 

Урматтуу кыргыз элим! 

Жакындарын жоготкондорго терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кыргызстаныбыздын жерин, элибиздин тынчтыгын сакташып, келечек муундун тагдыры үчүн душмандын огунан каза болгон Баатыр жигиттерибиздин жаны бейишке барсын, жаткан жерлери жайлуу, топурагы торко болсун. 
Алардын жаркын элестери эч качан унутулбайт, жана баатырлардын аты тарыхта калып, келечек муунга үлгү болот. 

Кудайым Кыргызстандай жерибизге, кыргыз элиме кайрат, сабыр, кайтарылбас эрдик берсин. 

Мен жана менин үй-бүлөм силер мененбиз кадырлуу кыргыз элим!