Печать
Категория: Коом
Просмотров: 119

Тажикстандын аскерлери тарабынан басылып алынган айылдардын баары бошотулду. Бирок ага карабай кырдаал дагы деле оор. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди. 

Ал белгилегендей, түндө ок атышуу болгон жок. 

"Биз чек арада кырдаал турукташканга чейин тажик тарап менен иштешебиз. Кыргыз аскер бөлүмдөрү түндө басылып алынган айылдарда иштешип, аларды бошотуп алышты", - дейт өкүл. 

Эске салсак, 16-сентябрда Тажикстандын аскерлери буга чейинки макулдашууларды бузуу менен Кыргызстандын бир нече аймагына бир убакта кол салышкан. Тажикстандын агрессиясынан 103 адам жабыркап, 24 адам каза тапты.