Баткенде чек ара аймагына жакын жайгашкан айылдардын тургундары чек ара жаңжалына байланыштуу эвакуацияланууда. ӨКМ билдиргендей, тургундардын айрымдары өздөрүнүн автоунаалары менен коопсуз жайга кетишсе, кээ бирлерин атайын автоунаалар алып чыгышууда.
Мындан улам, Кадамжай районунун тургундары "Үй бар" деген жазуусу бар баракчаны көтөрүшүп, жол боюнча чыгышкан. Сүрөт соцтармактарга жарыяланды.
16-сентябрда таңкы саат 6:00дө буга чейин макулдашуулардын баарын бузуу менен тажик тарап Кыргызстандын бир нече аймактарына бир убакта ок чыгарган.