Кыргыз-тажик чек арасындагы абал саат 14:00гө карата чыңалган абалда турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Анда айтылгандай, Лейлек жана Баткен райондорунда айыгышкан кагылышуулар болуп жатат.
"Күжүрмөн иш-чараларды жүргүзүү жана тажик тараптын агрессиясынын мизин кайтаруу үчүн КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча жайгашкан бөлүмдөрүндө жетиштүү күч жана каражаттар бар", - деп жазылган маалыматта.
Куралдуу кагылышуу бүгүн таңкы саат 6.00дө уланган. Тажик тарап бир убакта Кыргызстандын бир нече аймактарына ок чыгарган.