Печать
Категория: Коом
Просмотров: 196

Бириккен демократиялык кыймыл (БДК) кыргыз-тажик конфликти боюнча ыкчам билдирүү таратты.

"Урматтуу мекендештер, бүгүн биздин өлкөбүз жана улутубуз үчүн оор күндөрдүн бири. Түбөлүк коңшубуз менен жер жана чек ара маселеси боюнча колубузга курал алып, элибиз-жерибизди коргоого мажбур болуп атат. Жер маселеси бардык эле улуттар сыяктуу, биз үчүн дагы эң курч жана маанилүү маселе.

Эки күндөн бери уланып аткан эки коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы куралдуу карама каршылык ачууга алдырбастан, сабырдуулук жана сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек.

Мындай оор учурда оппозициялык Бириккен Демократиялык Кыймыл элибизди, саясатчыларыбызды, жарандык активистерди, канчалык татаал болбосун, провокацияга алдырбастан, бул маселени официалдуу бийлигибизге чечүүгө шарт түзүп, ишенип, бийликти бул маалда колдоого алуу зарыл экенин айткыбыз келет.

Бул күндөрү бардык маселелер расмий бийликтин кана жетекчилиги менен чечилиши керек деп эсептейбиз.

Мекен баарыбыз үчүн ыйык!" - деп айтылат билдирүүдө.