Печать
Категория: Коом
Просмотров: 738

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын бардык периметри боюнча оор салгылашуулар жүрүп жатканын, мында тажик тарап оор бронетехниканы, көп ракеталык системаларды (МРРС) жана авиацияны колдонуп жатканын билдирди.

Ошондой эле, жерден жана абадан жасалган бардык чабуулдардын мизин Кыргыз тарап кайтарып жатат жана аны менен Кыргыз Республикасынын аймагын, калктуу пункттарын басып алууга коңшу өлкөнүн аскерлерине мүмкүнчүлүк берген жок. 

Окуя болгон жерде министрлер кабинетинин орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев ок атышууну токтотуу жана абалды стабилдештируу боюнча чараларды көрүп жатат.