Печать
Категория: Коом
Просмотров: 293

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалган бойдон турат. УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматына караганда, Баткен облусундагы ок атышуу кыргыз-тажик чек ара аймагынын бардык жагына тарады. Тажик тарап БМП, БТР жана минометторду колдонууда. 

Эске салсак, кагылышуу 14-сентябрда тажик чек арачыларынын талаштуу аймакка кирип, ок чыгарганынан башталган. Андан кийин эки тараптын тийиштүү кызмат жетекчилери макулдашууга барышкан. Бирок бүгүн таңга маал Тажикстан бардык макулдашууларды бузуу менен Кыргызстандын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз аймактарындагы позициясына ок чыгарышкан. Саат 6.30да тажик тарап "Көк-Таш" чек ара заставасын миномет менен аткылашкан. 7.15те Тажикстандын аскерлери "Самаркандек" заставасына ок чыгарышкан. Анын кесепетинен төрт кыргызстандык чек арачы жарадар болду.