Печать
Категория: Коом
Просмотров: 183

КР УКМКнын Чек ара кызматы мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуу менен тажик тарап Баткен районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салганын маалымдады.

УКМКнын Чек ара кызматы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалдын өнүгүшүнө өзгөчө тынчсыздануусун билдирет жана мамлекеттик чек арада провокациялардын көбөйүп баратканын, Тажикстандын аскер кызматкерлери аныкталбаган адамдар тарабынан куралдуу кагылышууларга активдүү катышып жатканын белгилейт.

Маалыматта, тажик тарап Кыргызстандын жарандарына жана аскер кызматкерлерине карата ар кандай чыр-чатакты күчөтүүгө багытталган аракеттерди, сабырсыздыктын акыркы чегине жеткирип, ар кандай агитацияларды жана идеяларды пропагандалоону жүргүзүп жатышканы белгиленген. Мунун баары мамлекеттик чек арадагы абалды турукташтыруу боюнча келишимдерди ачыктан-ачык бузуу болуп саналат жана Тажикстандын бийлиги кырдаалды көзөмөлдөй албай жатканын, анын үстүнө куралдуу кагылышуулардын күчөшүнө салым кошуп, адам өлүмүнө да, курмандыктарына да алып келүүдө жана эки өлкөнүн жарандык инфраструктурасына зыян алып келүүдө 

Окуя14-сентябрда эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде тажик тараптан ок атылуу менен башталган. Андан кийин тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги "Достук" жана Паскы - Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына ок чыгарышкан. Тажик тарап аткан октон Баткендин үч жай тургуну, анын ичинде бири 11 жаштагы бала - жабыркады.