Печать
Категория: Коом
Просмотров: 415

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев депутат катары мыйзам чыгаруу демилге укугунан пайдаланып, жайкы мезгилде төрт мыйзам долбоорун даярдады. Учурда бул мыйзам долбоорлору коомдук талкууга коюлду. 

Эл өкүлү эмнелерди демилгелеп, кандай өзгөрүүлөр коомго зарыл деп эсептейт? Бул суроого жооп берүү үчүн ал демилгелеген мыйзам долбоорлорун карап көрүү кажет. 

1- мыйзам долбоору - «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү 

"Кыргызстан ушул күнгө чейин беш президенттин башкаруусунда болду, алардын ичинен бир дагы жарды, президенттиктен кеткенден кийин үй-жайсыз, айдаганга машинасы жок калган адамды көргөн жокмун.

Мисалга алсак А.А.Акаев мамлекетибизди 14 жыл башкарды. Ал киши айыл чарбасын уратты, иштеп жаткан завод, фабрикаларды, имараттарды менчиктештирип, арзан баага сатты. Автобазалар, колхоздордун сервистик станциялары менчикке берилип, урап жоголду. Жерлерди 20-30 гектарлап байларга берди. "Инвестиция салабыз", - дегендердин баарысынан "шапка" талап кылышты, үй-бүлөсү, тегерегиндеги адамдар 14 жылдын ичинде абдан байыды. Мына, эми 17 жылдан бери чет өлкөдө мамлекетти тоноп чогулткан байлыгынын эсебинен жашап жүрөт.

К.С.Бакиев мамлекетибизди беш жыл башкарды, беш жылдын ичинде коррупциянын эсебинен эбегейсиз байлык топтоп, башка мамлекетке качты. Азыр башка мамлекетте бизнестерди ачып, үй салып, үй-бүлөсү менен “ханга салам бербей” жашап жатат.

С.Ш.Жээнбеков мамлекетибизди үч жыл башкарды, бул адамдын дагы байлыгы аз эмес, президент кезинде бир туугандары, жакындары баш болуп мамлекеттин арты менен байышты.

Дүйнөлүк практикага көз чаптырсак, Түркия экономикалык кубаттуулугу боюнча дүйнөдөгү жыйырма мамлекеттин катарына кирет, бирок Түркиянын экс-президенттери мамлекеттин эсебинен пенсия гана алышат.

Президенттиктен кеткенден кийин тоого кой кайтарып кеткен экс-президенттер да бар (Ирандын экс-президенти Махмуд Ахмединеджад), бериле турган кызматтык үйдөн баш тарткандар бар (ФРГ Канцлери Ангела Меркель), Уругвайдын экс-президенти Хосе Мухика президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин айылдагы жөнөкөй үйүндө жашап дыйканчылык менен алектенип келет, ал тургай сенатордун пенсиясынан дагы баш тарткан (президенттиктен кеткенден кийин үч жыл сенатор болгон). 

Президенттин ишинин кепилдиктери "Экс-президенттин статусу жөнүндө" Мыйзамга ылайык, учурда:

- Экс-президент өмүр бою мамлекеттик күзөт менен толук өлчөмдө камсыз кылынат;
- Мамлекеттик үйлөрдүн бири өмүр бою пайдаланууга берилет;
- Экс-президент өкмөттүк байланыш жана байланыштын башка түрлөрүн акысыз пайдаланат;
- Экс-президенти мыйзамдарда белгиленген пенсия курагына жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын президентинин айлык маянасынын 75 пайызы өлчөмүндө ай сайын өмүр бою акчалай каржы алууга, ал эми пенсия курагына жеткенде - президенттин айлык акысынын 75 пайызы өлчөмүндө пенсияга укуктуу.

Ошондуктан, "экс-президентке мамлекеттик дачалардын бири өмүр бою пайдаланууга берилет" деген ченемди алып салууну сунуштап жатабыз. 

Экс-президент жаңы шайланган президент кызматына киришкен учурдан тартып, бир айдын ичинде президенттин мамлекеттик резиденциясынын аймагында жайгашкан мамлекеттик үйдү пайдаланууну токтотот.

Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын экс-президенти мамлекеттик кайтарууну жеке каражаттарынын эсебинен пайдалансын деп өзгөртүп жатабыз. Ошондой эле, байланыш каражаттарын эл катары, акылуу колдонсун деп сунуштап жатабыз.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясында жашагандар, булар: 

- Кыргыз Республикасынын президенти;
- Министирлер Кабинетинин төрагасы;
- Жогорку Кеңешинин төрагасы;
- Жогорку сотунун төрагасы;
- Конституциялык сотунун төрагасы ж.б.

Кыргыз Республикасынын президентин кошпогондо Президенттин мамлекеттик резиденциясында убактылуу жашаган кызмат адамдары жашаган үйүнүн коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акыны өздөрүнүн өздүк каражаттарынын эсебинен төлөсүн деген ченемди киргизип жатабыз", - деп белгиледи Жеңишбек Токторбаев.

2 - мыйзам долбоору - “Кыргыз Республикасынын Президентинин Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларындагы мамлекеттик резиденцияларынын аймактарында жайгашкан кыймылсыз мүлк объекттерин жана жер тилкелерин улутташтыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү 

"Буга чейин, мыйзамдардын негизинде мамлекеттик резиденцияларда жайгашкан айрым мамлекеттик дачалар Т.У.Усубалиевге, А.М.Масалиевге, Ч.Т.Айтматовго, А.К. акаевге өмүр бою пайдаланууга кийин жеке менчикке берилген. Көпчүлүк мамлекеттик дачалар жогоруда аталган адамдар тарабынан өздөрүнүн балдарына белекке берилген. Бүгүнкү күндө «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын аймагында жеке менчик укугунда 4 мамлекеттик дача (С.Т.Усубалиев (Т.У.Усубалиевдин уулу), А.Д.Чынбаева (А.К.Бакаевдин жубайы), А.Ч.Айтматов (Ч.Т.Айтматовдун уулу), М.М.Мамакеев бар. А.М.Масалиев каза болгондон кийин анын үй-бүлөсү дачаны мамлекетке кайтарып берген. 

Ошондой эле, Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденциясынын аймагында жеке менчик укугунда эки мамлекеттик дача  - (Т.У.Усубалиев, Х.К.Козубаева (А.М.Масалиевдин жубайы) - бар.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Мамлекеттик резиденциясынын аймагында жайгашкан, мурда Ч.Т.Айтматовго таандык болгон дачанын бир бөлүгүн ажыратып алуу жолу менен А.Ч.Айтматов 2011-жылдын 25-февралында сатуу-сатып алуу келишиминин негизинде жеке адам М.М.Мамакеевге саткан. 

Жогоруда аталган Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларындагы мамлекеттик резиденциялардын аймактарында жайгашкан жеке менчик укугундагы кыймылсыз мүлк объекттерин жана жер тилкелерин мамлекеттин балансына кайтаруу сунушталууда", - деди Жеңишбек Токторбаев.

3- мыйзам долбоору - “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү 

Депутат белгилегендей, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн соттолгон адам анын соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлгандыгына же жоюлбагандыгына карабастан: 

- Президент;
- Жогорку Кеңештин депутаты;
- Министрлер Кабинетинин төрагасы;
- Министрлер Кабинетинин мүчөсү боло албайт деген ченем киргизүү сунушталууда. 

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 42-бөлүмүнө ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштарга төмөнкүлөр кирет:        

- Коррупция (336-берене) 
- Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу (337-берене)
- Бийликтен аша чабуу (338-берене) 
- Билип туруп пайдасыз контракт түзүү (339-берене) 
- Мыйзамсыз баюу (340-берене)
- Кызмат адамынын ишкердик ишке катышуусу (341-берене)
- Пара алуу (342-берене) 
- Опузалап пара алуу (343-берене) 
- Пара алууда ортомчулук кылуу (344-берене)
- Пара берүү (345-берене)
- Кызматтык жасалмачылык (346-берене)
- Паспортту мыйзамсыз берүү (347-берене) 
- Шалаакылык (348-берене)

4 - мыйзам долбоору - “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”,  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”,  “Борбордун статусу жөнүндө”,  “Ош шаарынын статусу жөнүндө”,  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү 

Эл өкүлүнүн демилгеси менен, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн соттолгон адам анын соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлгандыгына же жоюлбагандыгына карабастан:

- аким;
- шаардын мэри;
- айыл өкмөттүн башчысы;
- жергиликтүү кеңештердин депутаты;
- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкер боло албайт деген ченемди киргизүү сунушталууда.

"Бул мыйзам долбоору коомдук талкуунун жүрүшүндө түшкөн сунуш пикирлерди эске алуу менен комитетте, палатада кеңири талкууланат", - деп белгиледи Жеңишбек Токторбаев.