Печать
Категория: Коом
Просмотров: 80

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Сербияда өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында биринчи атаандашына 1 упайга жеңилди. Анын 68 кг салмакка чейинки категориядагы алгачкы атаандашы - канадалык Линда Морайс. Тилекке каршы, канадалык спортчу 6:5 эсебинде жеңишти жетишти.

Эрежеге ылайык, эгер Линда Морайс финалга чыга турган болсо, анда Жуманазарова көңүл жубатуучу кармашка чыга алат.

Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты 10-18-сентябрда Сербиянын Белград шаарында болуп өтөт. Ага Кыргызстандын атынан 15 спортчу катышууда.