- Медеткан агай, алган сыйлыгыңыз кут болсун. Баатыр болгонуңуз боюнча түрдүү кептер айтылууда. Комментарий берип койсоңуз болобу?
- Комментарийдин кереги эмне. Азыркы убакта демократия деп сөз эркиндиги деп оюна келгенди жазып калышты. Мен да карап коюп жатам. Ар түркүн ой пикирлер бар. Анын баарына теңеле берсем, дагы түрдүү пикир айтышат. Бул бүтпөгөн нерсе да. Ошон үчүн комментарий бергим, актангым деле келбейт.
- Бирок эл арасында сиз тууралуу жакшы пикир айткандар көп. Ал турсун сиз Россиянын Мамлекеттик думасында сүйлөгөндө тура калып кол чапкан учурлар да болгон дешет го.
- Ооба, болгон.
- Сиз табиятыңыздан мамлекетчил инсан экениңизди сездиңиз беле?
- Албетте, сезгем. Бирок мамлекет куруш оңой эмес да... Мамлекет курам деген кишилердин артынан ар дайым түрдүү сөздөр айтыла берет. Ошон үчүн ага маани бериштин кажети жок.