Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1506

ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров экстремисттик материалдарды таратуу боюнча кармалган. 

"ИИМдин тергөө кызматы экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча кылмыш ишин иликтөөдө. Мониторинг учурунда Фейсбук социалдык тармагында Кыргызстандын аймагында тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир-аль-Ислами» экстремисстик-террористтик уюмдун идеологиясын пропагандалаган аккаунт аныкталган. 

Факт КР Кылмыш жаза кодексинин "Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" беренеси боюнча катталган. Кылмыш ишинин алкагында Р.Б. ИИМдин тергөө кызматына суракка алынып келинди", - деп билдирет ИИМ.