Печать
Категория: Коом
Просмотров: 83

Жергиликтүү тургундардын маалыматына караганда, саат 15:10до Баткен районунун Паскы-Арык аймагында эки өлкөнүн чек арачылары тарабынан ок атышуу кайра башталган. Бул маалыматты УКМК Чек ара кызматы тастыктап, Тажикстандын чек ара кызматкерлери "Самаркандек" заставасынын чек арачыларына ок чыгарышкан. Кыргыз чек арачылары дагы жооп иретинде курал колдонууга аргасыз болушкан. 

Эске салсак, 14-сентябрда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде Баткен облусунун Баткен районундагы Булак-Башы тилкесинде Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин чек ара отряды кызмат өтөп жаткан учурда Тараптардын мурда түзүлгөн келишимдерин бузуу менен мамлекеттик чек аранын такталбаган аймагында күжүрмөн позицияларды ээлеген Тажикстандын УКМКнын чек ара отрядын аныкташкан.
 Кыргыз тараптын аймактан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына көңүл бурбай, тажик чек арачылары ок чыгарган.  Буга жооп катары Кыргызстандын чек арачылары да курал колдонушкан.