Печать
Категория: Коом
Просмотров: 94

Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болгон кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбековду президент Садыр Жапаров куттуктады. Ал бул боюнча соцтармактагы баракчасына жазды.

"Намыска жарадың Жоламан баатыр! Азаматсың!

Кыргыздын баатырлык сапатын дагы бир жолу даңазалап, күйөрмандарың үчүн да, жалпы кыргыз эли үчүн да эң мыкты кармаш көрсөттүң.

Силердей спорттун чеберлеринин ар бир мындай жогорку жеңиши артыңарда өсүп келе жаткан жаш балбандар үчүн да чоң шыктандыруучу мааниге ээ.

Сага бекем ден соолук, спорттук ийгилик ар дайым жылмайып турушун каалайм!

Чоң спортто сен багынта турган мындан да чоң жетишкендиктерге кыргыз эли менен чогуу күбө бололу!" - деп жазды президент.