Министр, чиновниктердин арасынан эң эле карапайымы да, тазасы да ушул энергетика министри Доскул Бекмурзаев көрүнгөн. Ал кээде өзүнүн кызмат ордун унутуп калып, байкабастан сүйлөп калгандыгы болбосо эле күжүлдөп иштеп, өлкөбүздүн эң  оор тармагы болгон энергетиканын түмөн түйшүктөрүн акырындап болсо да чечип жаткан. Мисалы, “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу башталып, ага катар эле бир нече чакан ГЭСтер курулуп жатышы да ушул Д. Бекмурзаевдин аракети менен ишке ашууда. Жогоруда айтылгандай, бир ирет парламенттик жыйында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, “Азыр бизде электр энергиясын айрым айылдарга тартууга эмес, кызматкерлерибиздин маянасына карызбыз...”,- деп, жанында отурган шеми Акылбек Жапаровдон эскертүү алган. 

Бирок 13-сентябрда Башкы прокуратура тарабынан  Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 2 кылмыш иши козголгондугу кабарланды.

Атап айтканда, 2021-2022-жылдары  Д. Бекмурзаев, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтын кызыкчылыгына каршы, тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттарына, Түркия Республикасына, Өзбекстан Республикасына жана Россия Федерациясына болгон чет өлкөлүк кызматтык иш сапарларына негизсиз жөнөтүп, натыйжада мамлекетке олутуу материалдык зыян келтирилген экен.

Мындан тышкары, Д.Бекмурзаев, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, “Теплые ключи” ден соолукту чындоо комплексинин объекттерин капиталдык оңдоодо "Б." ЖЧКга жалпысынан 15 млн. сомдон ашык зыян келтириптир.

Натыйжада,  министр Д.Бекмурзаевдин кылмыштуу аракеттеринен улам мамлекеттин жана жеке жактардын кызыкчылыктары одоно түрдө бузулуп, аларга ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Эгер министр камалып же кызматынан алынып калса, анда кыш жакындап калганда көмүр, отун, электр энергиясыз калбайбызбы?

Булак: “Майдан. kg” гезити