Печать
Категория: Коом
Просмотров: 82

Өткөн жумада Кадамжай районунун Халмион айылындагы 14 жашар кыздын трагедиялуу өлүмүнөн кийин кыргыз коомчулугунда өлүм жазасын кайра киргизүү, педофилдерди жок дегенде химиялык кастрация жолу менен жазалоо керектиги тууралуу демилгелер кайра көтөрүлүп, ансыз аңги-айбандарды тыюу мүмкүн эместиги айтылууда. Бирок бул маселе боюнча элдин да, өйдө жактагы чиновниктер менен депутаттардын да пикири бирдей эмес.

Ал тургай өспүрүмдөрдүн акыркы мезгилде зордук-зомбулукка көп кабылып жатышы Жогорку Кеңеште да талкууланып, айрым депутаттар эгер Кыргызстан кайрадан мындай катаал жазаны кабыл ала турган болсо, өлкөбүз эл аралык гуманитардык уюмдардын кара тизмесине гана кирбестен, баягы эле бейкүнөө бей-бечаралар ажалынан мурда атылып кетерин айтып чыгышты. Мисалы, депутат Жанар Акаев сунушталып жаткан өлүм жазасын киргизүү маселеси боюнча өз пикирин мындайча билдирди:

“Жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук көрсөтүп, өлүмгө чейин алып баргандарды бүтүндөй кыргыз коому жектешибиз керек. Андай айбанчылыкка баргандарды сөзсүз айыпташыбыз зарыл. Бирок, азыркы сот системасы менен өлүм жазасын киргизгенибиз адилетүү болобу?

Канчалаган бейкүнөө адамдар түрмөдө жатат. Ушундай адилетсиз система менен, өлүм жазасын киргизебиз деп жогорку жетекчиликке идеяны берсек, жүздөгөн, балким миңдеген бейкүнөө жарандардын өлүп кетишине себепкер болуп калышыбыз мүмкүн”.

Эл өкүлү зордук-зомбулукка баргандарды эч качан аябаш керек экенин, бирок, азыркыдай сот системасы менен мындай мыйзамды киргизүүдө терең ойлонуу зарыл экенин баса белгиледи.

Чын эле мындан ары педофилдерди дүйнөлүк практикада колдонулуп жүргөн өлүм жазасынан башка катаал чаралар менен жазаласак да туура болчудай.

Булак: “Майдан. kg” гезити