Буюрса, Жаңы жылда Кыргызстандын эли чоң жаңылыктын күбөсү болмокчубуз. Анткени, жылдын аягына чейин Кыргызстандын калкынын саны 7 млн.го жетери күтүлүүдө. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 7-сентябрда билдирди. Ал эми март айындагы эл каттоонун жыйынтыгы боюнча элибиздин саны 6 миллион 977 миң болгон.

Эми, 1-августтан тартып кийинки эсептөөлөргө чейин кыргызстандыктардын расмий саны боюнча ушул маалымат айтылып турушу шарт.

Өлкөнүн эл жана турак жай фондун каттоонун биринчи этабы 25-марттан 3-апрелге, алыскы тоолуу райондорду камтыган экинчи этабы 23-апрелден 2-майга чейин өткөн. Каттоонун баштапкы жыйынтыгы сентябрь-октябрь айларында, ал эми расмий жыйынтыгы бир жылдан кийин жарыяланары айтылган.

Быйылкы жылдын 1-июлундагы эсепте Кыргызстандын калкы 6 миллион 804 миң адам экени маалымдалган эле.

Январь-июнь айлары кыргызстандыктар 56,5 миң адамга көбөйүп, көрсөткүч 0,8% өстү.

Белгилей кетүүчү жагдай, 8-сентябрда Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги Жал-29 кичи районундагы бала бакчанын ачылышында сүйлөп жатып: «Билим берүү системасында биз 12 жылдык окууга өтүү боюнча реформаны баштаганы турабыз. Бала бакчанын жогорку топто иштеген тарбиячылары, педагогдору реформанын баштоочуларынан болосуздар. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык,  2022-жылдын 1-августуна карата элдин саны 6 млн 977 миң адамды түздү. Кыргызстанда быйыл 7 миллионунчу жаран төрөлөт. Өлкөбүздө кубанычтуу окуялар көп болуп, балдарыбыздын келечеги кең болсун», - деп айткан эле.

Чындыгында бул өтө чоң жетишкендик жана өлкөбүз өнүгүп жаткандыгынын белгиси. Анткени Россия, Европа жана башка өнүккөн өлкөлөрдө элдин төрөлүүсү азайып, калкы картайып, ишке жарамдуу жаштардын азайып кетүүсү чоң трагедия катары каралууда. Эми ошол бактылуу 7-миллионунчу наристе жана анын ата-энеси ким болор экен?

 

Булак: “Майдан. kg” гезити